Санариптештирүү жана жасалма интеллект билим берүү системасын өзгөртүүдө

Санариптештирүү жана жасалма интеллект билим берүү системасын өзгөртүүдө

Жасалма интеллект, санариптештирүү жана илимий жетишкендиктер билим берүү системасын өзгөртүүдө. Бул багыттар Президенттин кайрылуусунда да негизги артыкчылыктар катары белгиленген. Бүгүнкү күндө окуу процессине заманбап технологияларды киргизүү гана эмес, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана жаңы муундагы адистерди даярдоо маанилүү. Бул өзгөрүүлөр  педагогикалык университеттерде өзгөчө роль ойнойт. Алар мектеп билиминин сапатын аныктаган болочок мугалимдерди даярдашат. Заманбап билим берүү системасы ар бир баланын жөндөмдүүлүгүн жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын дараметин ача алган мугалимдерди талап кылат.

Болат Тлепов, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ректору:

– Президент өз кайрылуусунда биздин өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасады. Акыркы эки-үч жылдын ичинде балдарга өзгөчө билим берүү колдоого муктаж болуп жатканын көрдүк. Бул мамлекет үчүн эле эмес, биз, университеттер үчүн да олуттуу чакырык. Ар бир баланын ыңгайлуу окуусуна, сапаттуу билим алышына, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, келечекте квалификациялуу адис болушуна шарт түзүү маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков