Казакстан менен Тажикистандын Президенттери өнөктөштүктү өнүктүрүүнү талкуулашты

Казакстан менен Тажикистандын Президенттери өнөктөштүктү өнүктүрүүнү талкуулашты

Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын Президенти менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысы кесиптеши Эмомали Рахмонго «Келечек оюндары-2026» эл аралык мультиспорттук турниринин ачылыш аземине ардактуу конок катары катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Лидерлер эки өлкө ортосундагы стратегитикалык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин тастыкташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүнү, транспорт-логистика жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты, ошондой эле буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Мындан тышкары, Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу форматтагы алдыдагы жолугушуулардын графигин карап чыгышты.

Которгон: Назира Бегалиева