Казакстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 4,5 миллиард долларга жетти

Казакстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 4,5 миллиард долларга жетти

Мамлекет башчысы Германиянын Федеративдик Республикасынын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Берлиндеги Коргоо министрлигинде Казакстандын Президентин расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Касым-Жомарт Токаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Ардактуу кароол ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берди жана эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып турду. Андан соң Касым-Жомарт Токаев Ардактуу коноктор китебине кол жазма калтырды. Сүйлөшүүлөрдө тараптар стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун келечегин талкуулашты. Казакстандын Президенти Германия Европа боюнча өлкөнүн негизги өнөктөшү экендигин, ал эми эки тараптуу кызматташтык өз ара ишенимге, сыйга жана жалпы кызыкчылыктарга негизделгендигин баса белгиледи. Тыгыз ишкердик байланыштар өз ара аракеттенүүгө өзгөчө динамика берет. 2025-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 4,5 миллиард долларды түздү. Ал эми ушул жылдын 7 айында ал 2,6 миллиарддан ашты. Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого да өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Президенттер биргелешкен декларация кабыл алышты. Ал эми Казакстан менен Германиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кошкон көрүнүктүү салымы үчүн Касым-Жомарт Токаев Франк-Вальтер Штайнмайерди «Алтын Кыран» ордени менен сыйлады.


Которгон: Илгиз Жамалбеков