БШК Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын каттады

БШК Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын каттады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы XVI жыйынында Курултайдын 145 депутатын расмий түрдө каттады. Ушул учурдан баштап алардын ыйгарым укуктары «Курултай жана анын депутаттарынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 44-беренесине ылайык башталды. Белгилей кетсек, тизмелерди шайлоодо беш пайыздык чектен өткөн бардык 5 саясий партия берген. Ошентип, «Адилет» 110 мандат, «Айыл» - 10, Respublica - 9, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы жана «Ак жол» - ар бири 8ден алды. Депутаттарга күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды. БШКнын төрагасы Нурлан Абдиров депутаттык мандат биринчи кезекте шайлоочулардын ишениминин жана тандоосунун натыйжасы экенин белгиледи. Ошол эле учурда депутаттын статусу коом жана бүткүл өлкө алдында жоопкерчиликти жүктөйт.


Которгон: Назира Бегалиева