Астана «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук
мелдешине даярданууда. Теке айынын 29нан баш оона айынын 9на чейин Казакстандын
борбору фиджитал-спорт чөйрөсүндөгү ири дүйнөлүк иш-чаралардын биринин
борборуна айланат, мында санариптик технологиялар салттуу спорт түрлөрү менен
айкалышат. Мелдештер шаардын төрт ири спорттук аянтчасында өтөт, ал эми
көрүүчүлөрдү AI-графика, LED-инсталляциялар, лазердик жана жарык эффекттери,
ошондой эле роботтоштурулган сахна элементтерин колдонуу менен масштабдуу шоу
күтөт. Эл аралык турнирдин ачылыш салтанаты жана негизги этаптары «Жибек жолу/Silk
Way» телеканалында көрсөтүлөт. Мелдештер гибриддик форматта өтөт. Алгач
күчтүүлөр виртуалдык мейкиндикте аныкталат, андан кийин катышуучулар реалдуу
спорт ареналарында күрөштү улантышат. «Келечек оюндарына» Казакстандан сегиз
дисциплинада ат салыша турган 11 команда катышат.
Роберт
Пан, PBC Astana фиджитал-баскетбол командасынын оюнчусу:
– Менимче, бул Казакстан үчүн абдан кызыктуу мелдеш болот. Анткени мындай оюндар өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Бул жерде баскетболдон тышкары спорттун дагы көптөгөн түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат. Бул дүйнө чемпионаты болгондуктан, көптөгөн чет элдиктер катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

