Казакстан элине жолдогон Кайрылуусунда Президент Касым-Жомарт Токаев салык мыйзамдарын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи. Жаңы Салык кодекси жакында эле кабыл алынганына карабастан, аны колдонуу тажрыйбасы кошумча чечимдерди талап кылган маселелерди ачыктады. Серепчилердин пикиринде, ишкерлердин сын-пикирлерин эске алуу, салык ченемдерин жарандар жана бизнес үчүн түшүнүктүү кылуу, ошондой эле мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн так эрежелерин камсыз кылуу маанилүү. Мында өзгөртүүлөр салык саясатынын негизги принциптерине таасирин тийгизбеши керек. Жалпысынан мыйзамдарды өркүндөтүү азыркы экономикалык шарттарга жооп берип, жарандар менен ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого, инвестицияларды колдоого жана Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүүгө тийиш.
Жанара Жигитекова, Юстиция министрлигинин мыйзам чыгаруу жана укуктук маалымат институтунун мүдүрү:
– Жаңы Салык кодексин колдонуу тажрыйбасы ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөтүүдө. Салык саясатынын же Салык кодексинин негизги концепциясын өзгөртүү жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бирок салык нормаларын колдонуу тажрыйбасын жана бүгүнкү күндө ишкерлер көтөрүп жаткан маселелерди эске алуу менен салык мыйзамдарына такталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Эң башкысы — салык мыйзамдары түшүнүктүү болушу керек. Кечээ мамлекет башчысы да мыйзамдарыбызды түшүнүү кыйын экенин белгиледи. Ошондуктан аларды мүмкүн болушунча жөнөкөй жана түшүнүктүү кылышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

