Казакстанда суу инфраструктурасын жаңылоо иштери уланууда

Казакстанда суу инфраструктурасын жаңылоо иштери уланууда

Казакстанда 2030-жылга чейин 42 суу сактагыч куруу, 37 иштеп жаткан суу сактагычты реконструкциялоо жана дагы 110 гидротехникалык курулушту капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бул 2,5 миллиард куб метрден ашык сууну кошумча топтоого мүмкүндүк берет. Түркестан облусунда жыл аягына чейин жалпы сыйымдуулугу 69 миллион куб метрден ашкан «Байдибек ата» жана «Каракуыс» суу сактагычтарынын курулушун аяктоо пландалууда. Дагы үч объект Жамбыл, Кызылорда жана Батыш Казакстан облустарында курулат.

Гульзат Махаева, суу чарба курулмаларын өнүктүрүү департаментинин гидротехникалык курулмалар башкармалыгынын жетекчиси:

–  Мындан тышкары, ушул жылы Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча дагы үч жаңы суу сактагычты куруп баштоону пландап жатабыз. Булар Жамбыл облусундагы Акмола суу сактагычы, Кызылорда облусундагы Караөзек суу сактагычы жана Батыш Казакстан облусундагы Чоң Узен суу сактагычы. Мындан тышкары, учурда Азия өнүктүрүү банкынын желеси боюнча Есиль контррегуляторун куруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле өлкөдө сугат каналдарын модернизациялоо уланууда. Алардын жалпы узундугу 45 миң чакырымды түзөт. Жыл аягына чейин миң чакырымга жакын аралыкты жаңылоо пландалууда. Бул 2030-жылга чейин сууну ташууда жоготууларды эки эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет. Болжол менен 13 миң гидротехникалык курулма оңдоого муктаж. Аларды жаңылоо Суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясында каралган.

Гульзат Махаева, суу чарба курулмаларын өнүктүрүү департаментинин гидротехникалык курулмалар башкармалыгынын жетекчиси:

–  Бул концепцияга ылайык 42 жаңы суу сактагыч куруу пландалууда, анын ичинен 20 суу сактагыч Суу ресурстары министрлигинин линиясы боюнча, 22си жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан курулат. Ошондой эле бул концепция учурдагы 37 гидротехникалык курулманы реконструкциялоону камтыйт. Жалпысынан бул иш-чаралардын бардыгын ишке ашыруу бизге кошумча 2,6 миллиард куб ташкын жана эриген сууларды топтоого, ошондой эле гидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга жана өлкөдөгү суу тартыштыгын жоюуга шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков