Улуттук банк: 2026-жылы экономика 5,5% чейин өсүшү мүмкүн

Улуттук банк: 2026-жылы экономика 5,5% чейин өсүшү мүмкүн

Казакстандын Улуттук банкы жыл жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасынын өсүшүн 4,5-5,5% деңгээлинде болорун болжолдоодо. Бул тууралуу Астанада Эл аралык валюта фондунун аймактык экономикалык талдоосун тааныштыруу учурунда акча-насыя жөнгө салуучу органдын төрагасынын орун басары Акылжан Баймагамбетов билдирди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, тогуз айдын ичинде ИДӨ 4,2%, ал эми тоо-кен тармагын эсепке албаганда 5,4% өскөн. Өсүштүн негизги драйверлери болуп кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш жана тейлөө чөйрөсү саналат. Ошону менен бирге, сооданы диверсификациялоо экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири бойдон калууда. Өлкөнүн транспорттук каттамдарын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Акылжан Баймагамбетов, Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары:

– Бул Казакстан үчүн стратегиялык артыкчылык болуп саналат. Биз транспорттук каттамдарды, анын ичинде ортоңку коридорду өнүктүрүп, темир жол жана логистикалык инфраструктуранын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырып жатабыз. Транспортко жана логистикага салынган инвестициялар транспорттук байланышты бекемдөөгө, сооданы жеңилдетүүгө жана бизнестин аймактык жана дүйнөлүк рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жөндөмдүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков