Москвада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага Казакстандын Президенти жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө жасалма интеллект технологияларынын таасиринин өсүп жатканын эске алуу менен эл аралык терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Жамааттык коопсуздук кеңешинин Декларациясы кабыл алынды. Мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарынын негизинде жамааттык коопсуздук тутумун мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

