Кызылорда облусунда жүгөрүдөн крахмал-шире өндүрүүчү завод ачылды. Азырынча анын алгачкы баскычы, тагыраагы, дан эгиндерин кургатуучу жана сактоочу комплекс ишке киргизилди. Мында кеминде 20 миң тонна чийки затты сактоого болот. Ал эми завод толук кубаттуулукта иштеп баштаганда, жылына 150 миң тонна чийки затты кайра иштетип, андан крахмал, шире сыяктуу 20га жакын өнүм түрүн чыгаруу пландалууда.
Шухрат Курбанов – крахмал-шире заводунун мүдүрү:
– Бизде 20 миң тонна сактоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, дыйкандар андан көп өндүрө турган болсо, аны да быйыл кабыл алууга даярбыз. Ошол үчүн тез бүтүрүүгө аракет кылдык. Кабыл ала турган жай бар экенин билишсин дедик. Негизги жабдуулардын баары Түркиядан келген. Инженерлер да ошол өлкөнүкү, ал эми кургаткыч Франциядан алынган. Кургаткычыбыз күнүнө 1 200 тонна дан кургатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

