Казакстанда шайлоочулар үчүн «Sailau AI» жасалма интеллект негизиндеги жардамчы ишке киргизилди

Казакстанда шайлоочулар үчүн «Sailau AI» жасалма интеллект негизиндеги жардамчы ишке киргизилди

«Sailau AI» - Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жасалма интеллект жардамчысын ишке киргизди. Жаңы санариптик жардамчы шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча суроолорго казак жана орус тилдеринде күнү-түнү жооп берет. Анын жардамы менен үйдөн кантип добуш берүү, добуш берүү күбөлүгүн алуу же шайлоочулардын тизмесиндеги өз маалыматтарын текшерүү мүмкүн. Сервис жергиликтүү AlemLLM тил моделинин негизинде түзүлгөн. Жооптор Конституцияга жана башка мыйзамдарга негизделген. «Sailau AI» кызматын БШКнын расмий сайтынан жана борбордук шайлоо комиссиясынын Telegramдагы барагынан колдонсо болот. Азыркы учурда иштеп чыгуучулар жооптордун тактыгын жана сапатын жогорулатуу үчүн системаны окутууну улантышууда. Эске салсак, Курултайга депутаттарды шайлоо ушул жекшембиде, баш оона айынын 23үндө өтөт. Үгүт иштери 22-күнү түн жарымында аяктайт, андан кийин тынчтык күнү болот. Добуш берүү күнү шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7ден кечки саат 8ге чейин иштейт.

Которгон: Назира Бегалиева