Борбордук Азия өлкөлөрү транзиттик потенциалын
жогорулатууда. Алардын бири – Түркмөнстан. Бул жылы алты айдын ичинде өлкөнүн
эл аралык транспорттук коридорлорундагы өткөрүү пункттары аркылуу 10,5 миллион
тоннадан ашык жүк өткөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% көп. Өсүштү
өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор камсыз
кылууда. Алардын арасында - узундугу 600 чакырымга жакын «Ашхабад – Түркмөнабат»
тез жүрүүчү автожолу бар. Ал борборду өлкөнүн чыгыш аймактары менен
байланыштырып, Өзбекстан менен чек арага жана Түркмөнбашы эл аралык деңиз
портуна чыгууну камсыз кылды. Жаңы жолдун аркасында жүктөрдү жеткирүү убактысы
бир нече суткадан 12-15 саатка чейин кыскарды. Ал эми заманбап инфраструктура
жана логистиканы санариптештирүү ташууларды тезирээк жана натыйжалуу кылды.
Мекан Ёвбасаров, Түркмөнстандын унаа транспорту министрлигинин
адиси:
– Учурда документтерди санариптештирүү
иш процесстерин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү аспект болуп саналат.
Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бажы процедураларынын өтүшүн тездетүү бул
өзгөчө эл аралык коридорлор үчүн маанилүү. Ошондой эле, Түркмөнстандын аймагында
бажы тармагында электрондук программалар жана базалар кеңири колдонулат.
Дагы бир маанилүү долбоор - Казакстан менен транспорттук
байланышты өнүктүрүү. Гарабогазкөл булуңу аркылуу жаңы автоунаа көпүрөсү эки
өлкөнүн ортосундагы эл аралык каттамдын бир бөлүгү болот. Анын өткөрүү
жөндөмдүүлүгү дээрлик 7 эсе көбөйүп, жол жүрүү убактысы эки эсе кыскарат деп
күтүлүүдө. Бул каттам аркылуу Түркмөнстан минералдык жер семирткичтерди жана
мунай заттарын экспорттоону пландап жатат. Мындан тышкары, Орусиядан жана
Казакстандан Иран жана Индия багытында транзит менен металл, техника, ун жана
дан ташылат.
Руслан
Бяшимов, Түркмөнстандын унаа транспорту министрлигинин экономисти:
– Бул көпүрө оор жүк ташуучу унааларга Казакстандын чек арасына түз өтүүгө, чоң жолду айланып өтпөстөн, мүмкүнчүлүк берет. Жүктү өткөрүү кубаттуулугу - көпүрө 50 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унааларды көтөрө алат, бул Европадан жана Орусиядан Иранга жана Индияга массалык транзит үчүн жол ачат. Мультимодалдуулук - унаа жолу Түркмөнбашы эл аралык порту менен байланышып, Түркмөнстанды кургак жана деңиз каттамдарынын ортосунда натыйжалуу которуу пунктуна айлантат.
Түркмөнстан темир жолдорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Өлкө инфраструктураны модернизациялап, локомотив паркын жаңылап, «Түндүк – Түштүк» жана «Чыгыш – Батыш» эл аралык транспорт коридорлорун бекемдеп жатат. Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту бирдиктүү логистикалык системада маанилүү орунду ээлейт. Контейнердик терминал жылына 400 миң контейнерге чейин иштеп чыга алат, бул Азия менен Европанын ортосунда жүктөрдү тез жеткирүүнү камсыз кылат. Ошол эле учурда өлкө деңиз флотун кеңейтип жатат. «Гадамлы» кургак жүк ташуучу кемеси, ошондой эле «Достлук» жаңы мунай танкери ишке киргизилди.
Которгон: Назира Бегалиева

