Казакстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Сауд Арабияда жүргөн мекендештерин кошумча сактык чараларын көрүүгө, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга жана зарыл болбосо аэропортторго барбоого чакырат. Ошондой эле казакстандыктарга мүмкүн болсо, шашылыш эмес сапарларды кийинкиге калтыруу сунушталат. Өзгөчө кырдаалдарда дипломаттар Казакстандын Эр-Рияддагы элчилигине же Жиддадагы башкы консулдугуна дароо кайрылууну суранышат. Белгилей кетсек, бул сунуштар Сауд Арабиянын жарандык инфраструктурасына кол салуулардын фонунда берилген. Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги адам курмандыктарына алып келген хуситтердин кол салууларын катуу айыптаган. Мекеме мындай аракеттер эл аралык укуктун нормаларын бузарын жана Йемендеги жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга тоскоол болорун баса белгиледи. Казакстан кризисти дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырып, Королдукка тилектештигин билдирип, анын эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун коргоо укугун колдой турганын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

