Казакстан кайра иштетүүчү өнөр жай долбоорлоруна германиялык инвесторлорду тартууда

Казакстан кайра иштетүүчү өнөр жай долбоорлоруна германиялык инвесторлорду тартууда

Кайра иштетүү өнөр жайы Германиянын инвесторлору үчүн Казакстанда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул тууралуу Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү Михаэль Хармс телеканалыбызга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, немис компаниялары Казакстанды заманбап өндүрүш ишканаларын түзүү, технологияларды киргизүү жана Борбор Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн аянтча катары карашууда. Бул жаңы продукцияларды чыгарууга жана казакстандык ишканаларды эл аралык өнөр жай чынжырларына кошууга мүмкүндүк берет.

Михаэль Хармс, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү:

– Биз Президенттин мыкты лидерлигин жана тынч эмес дүйнөдө өтө маанилүү болгон ачык, абдан так стратегиялык артыкчылыктарды көрүп жатабыз. Биз саясий ишенимди инвестициялык климатка берген тайманбас саясий реформаларды, ошондой эле акыркы жылдары Казакстанда ар дайым 5%дан жогору абдан жакшы экономикалык өсүштү көрүп жатабыз. Биз кайра иштетүүчү өнөр жайга көп инвестицияларды көрүп жатабыз – өткөн жылы 40%га өстү. Бул, менимче, немис бизнесинин өндүрүш тармагындагы негизги темасы – немис өнөр жайы ээлей ала турган орун жана биз муну Казакстанда жасайбыз деп чындап үмүттөнөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков