К. Токаев: «Элдик курулуш» өлкөнүн келечегине бекем негиз болот

К. Токаев: «Элдик курулуш» өлкөнүн келечегине бекем негиз болот

Президент Касым-Жомарт Токаев Темиртауга болгон жумушчу сапарынын алкагында Qarmet заводунун жамааты менен жолугушту. Мамлекет башчы белгилегендей, Караганды комбинаты учурда ата мекендик металлургия тармагынын флагманы болуп саналат жана өлкөнүн өнөр жай дараметин чыңдоодо чоң роль ойнойт. Өнөр жай тармагынын өлкө экономикасындагы үлүшү өсүп, 14 пайыздан ашты. Ал эми оор өнөр жай ишканалары төрт триллион теңгеден ашык суммадагы продукция өндүрүштү. Бул жетишкендиктер, анын ичинде Qarmet ишканасын активдүү өнүктүрүү жана модернизациялоо өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышта. Мамлекет башчысы Казакстан жаңы тарыхый баскычка кадам таштаганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Өлкөбүздүн саясий түзүлүшүнүн бекем пайдубалы түптөлдү. Бул реформалар, биринчи кезекте, дүйнөлүк саясатта жана экономикада калыптанып жаткан принципиалдуу жаңы, али толук изилдене элек шарттарда мамлекетти чыңдоо максатын көздөйт. Казакстан жасалма интеллект үстөмдүк кылган жаңы дүйнөдө өнүгүүгө даяр болушу керек. Бул дүйнөнүн артыкчылыктары менен катар кемчиликтери да бар. Ал тургай, калыптанып калган жашоо образыбызга коркунуч жаратышы мүмкүн.

Президенттин айтымында, Казакстан өзүнүн бардык жарандык инфраструктурасын болуп көрбөгөндөй курууга жана жаңылоого киришүүдө.    «Элдик курулуш» программасына болжол менен 6,5 триллион теңге бөлүнөт. Бардык аймактарда жолдор, аэропорттор, вокзалдар, электр станциялары, ооруканалар, мектептер, спорттук имараттар курулуп, оңдолот. Qarmetтин кубаттуу өндүрүштүк базасы «Элдик курулуш» программасында маанилүү роль ойнойт. Казакстанда өндүрүлгөн болот курулушта жана өнөр жайда кеңири колдонулуп келет. Жакын арада болоттун жогорку сортторун өндүрүү да башталат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  «Элдик курулуштун» бүткүл мааниси «Куруу жана куруу» деген жөнөкөй сөздөргө негизделген. Чынында эле, учурдагы жана келечек муундарга биз программаларды, концепцияларды эмес, алар белгилүү бир баалуулукка ээ болсо да, материалдык нерселерди, биринчи кезекте социалдык инфраструктура объектилерин мураска калтырышыбыз керек. Элибиз алда канча ыңгайлуу шартта жашоого, заманбап цивилизациянын бардык жакшылыктарынан пайдаланууга татыктуу. Адилеттүү Казакстанды куруу стратегиябыз ушул максаттарга багытталган.

Реформалар ийгиликтүү уланышы үчүн өлкөдө тынчтык жана туруктуулук, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип сакталышы керек, деп баса белгиледи Президент. Казакстан бардык кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулган тынчтыкты сүйгөн өлкө. Касым-Жомарт Токаев Qarmet  командасынын өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Президент кесипкөйлүгү жана ишке берилгендиги үчүн бир нече кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков