Казакстандын Президенти эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери менен жолугушту

Казакстандын Президенти эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери менен жолугушту

Бүгүн Акордодо Казакстандын Президенти эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери менен жолугушту. Алар физика, химия, биология, математика, информатика, география жана лингвистика боюнча 6 алтын, 11 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушкан. Касым-Жомарт Токаев таланттуу жаштарды илимий таймаштардагы мыкты жыйынтыктары менен куттуктап, өлкө жаштарынын жогорку потенциалын өзгөчө белгиледи. Быйыл гана казакстандык окуучулар 44 эл аралык олимпиадага жана илимий сынакка катышып, миңден ашуун байге жеңип алышкан. Алардын 200дөн ашыгы эң жогорку даражадагы сыйлыктар.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстандын жаштары сиздерден үлгү алып, дем-күч алышат. Билим берүү, илим, инновациялар жана алдыңкы технологиялар — азыркы доордо өнүгүүнүн негизги куралдары. Дүйнөлүк атаандаштык күчөп жаткан шартта алдыга билимдүү жана интеллектуалдык жактан өнүккөн элдер гана чыга алат. Ошондуктан мен сиздерди «заманыбыздын чыныгы каармандары» деп эсептейм. Мен Казакстандын жаштарынын патриот, билимдүү, ар тараптуу жана эмгекчил болушун каалайм.

К. Токаев: Курултайга шайлоо жогорку деңгээлде жана кемчиликсиз өткөрүлдү

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ишенимдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Өлкөдө масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, жаңы Конституция кабыл алынды. Мамлекеттин Баш мыйзамында илимге, билим берүүгө жана инновацияларга артыкчылык берилди. Бул жаштар үчүн жаңы бийиктиктерди багындырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Курултайга шайлоо ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде уюштурулуп, кынтыксыз өткөрүлдү деп айтууга болот. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандык активдүүлүгү жана жаңылануу стратегиябызды колдогону үчүн жалпы элибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Шайлоо учурунда байкоочулар тобу, анын ичинде эл аралык байкоочулар да, өз ишин абдан натыйжалуу жүргүзүштү. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аткарган зор эмгек да жогору баага татыктуу.

Президент мамлекет таланттуу жаштарды ар дайым колдой турганын жана сапаттуу билим алуу, ар тараптуу өнүгүү үчүн бардык шарттарды түзөрүн белгиледи. Салтка айлангандай эле, Касым-Жомарт Токаев олимпиадалардын лауреаттарына акчалай сыйлыктарды алууга сертификаттарды тапшырды. Мамлекет башчысы интеллектуалдык таймаштарда жеңишке жетишүүгө салым кошкон, абройлуу эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлерин даярдаган мугалимдерге жана насаатчыларга да ыраазычылык билдирди. Алар жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленди.

Которгон: Назира Бегалиева