Касым-Жомарт
Токаевдин «Адилеттүү коомго – акыйкат сөз» китеби ар бир казакстандыктын үйүндө
өзгөчө орунду ээлегенге татыктуу басылма. Мындай пикирин Курултайдын депутаты
Жанарбек Ашимжан билдирди. Жыйнакта өлкөнүн өткөнү, учуру жана келечеги,
жүргүзүлүп жаткан реформалар, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
чагылдырылган. Парламентарий баса белгилегендей, анда «Биз кимбиз?» жана
«Кандай өлкө болууну каалайбыз?» деген суроолорго жооп табууга болот. Эске
салсак, китепке Президенттин 1994-жылдан азыркы мезгилге чейинки тандалма
сөздөрү, цитаталары жана ойлору кирген. Мазмуну боюнча алар 21 тематикалык
бөлүмгө бириктирилген.
Жанарбек Ашимжан, курултай депутаты:
– Бул китепте
мамлекеттик саясаттын принциптери толук чагылдырылган – бул «Адилеттүү
Казакстан», «Мыйзам жана тартип», «Таза Казакстан», өнүгүү, эмгекчилдик,
жаратман улут жана мекенчилдик идеялары – мунун баары Мамлекет башчысы
жарыялаган демилгелер.¤
Которгон: Илгиз Жамалбеков

