Курултайга
шайлоо алдындагы алгачкы командалык теледебаттар Казакстанда өттү. Jibek Joly телеканалынын
түз эфиринде жети саясий партиянын өкүлдөрү жолугушту. Ар бир партияны экиден
спикер тааныштырышты. Талкуунун негизги темасы - адилеттүү коомдун негизи
катары мыйзамдын үстөмдүгү жана «Мыйзам жана тартип» принцибин ишке ашыруу
болду. Теледебаттын форматы төрт этаптан турду. Катышуучулар демилгелерин
айтып, каршылаштары менен ачык талашып, журналисттердин,
көрүүчүлөрдүн жана бири-биринин суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында
партиялардын өкүлдөрү мандат алган учурда аткарууга ниеттенген коомдук
милдеттенмелерин жарыялашты. Теледебаттардын жүрүшүндө талапкерлердин сүйлөгөн
сөздөрүнө баа берүү үчүн онлайн-сурамжылоо жүргүзүлдү. Ага 165 миңден ашык адам
катышты. Саясат таануучулар өткөн талкууну, катышуучулардын даярдыгын жана эң
актуалдуу темаларды талкуулоого умтулуусун жогору баалашты. Серепчилердин
пикири боюнча, мындай формат партиялардын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилигин
жогорулатат.
Нурдаулет
Затилла, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун саясий изилдөөлөр
бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти:
– Алар абдан кызыктуу оюн көрсөтүштү, анткени алар жарандардын
ишенимине ээ болууга аракет кылышты. Атаандаштарын жеңүү үчүн бейтарап
жарандарды өз тарабына тартууга аракет кылышты. Биздин саясий партиялар «Мыйзам
жана тартип» шаарбы же айылбы, регионбу же борборбу, кайсы жерде болбосун
иштеши керек деп далилдөөгө аракет кылышты.
Аксулу
Арзыкулова, PR-адистеринин клубунун вице-президенти:
– Кызыктуу командалык форматта абдан сонун динамика пайда
болот. Эгерде сиз жуп болуп сүйлөсөңүз, дароо эле команданын биримдиги,
партиянын, бир идеянын, бир миссиянын кандай экендигин көрсөтө аласыз. Динамикалык
формат абдан жакшы болду.

