Шайлоо өнөктүгүн
уюштуруу, комиссиялардын даярдыгы жана тилкелердеги шарттар – эл аралык
байкоочулардын көңүл борборунда. КМШ байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү
участкалар ачылгандан бери Астанада жана өлкөнүн дагы 14 аймагында иштеп
жатышат. Борбор калаада алар №30 шайлоо тилкесин кыдырып, участкалык
комиссиянын иши жана добуш берүү тартиби менен таанышышты. КМШдан байкоочулар
миссиясынын башчысы өз жыйынтыктары менен бөлүштү. Игорь Петришенко ар кандай
курактагы шайлоочулардын жигердүүлүгүн белгиледи.
Игорь Петришенко, КМШ башкы катчынын биринчи орун басары:
– Биз эл аралык
байкоочулар катары көңүл буруп, баамдап жаткан бардык элементтер Казакстан
Республикасынын мыйзамдарына толугу менен, так дал келүү менен сакталды. Шайлоо тилкесине карылар да, эң башкысы, жаштар
да келиши абдан жагымдуу. Адамдардын активдүүлүгүн көрүп жатабыз. Бул
Казакстанда жашоо ыңгайлуу, жагымдуу болушуна, бардык багыттар боюнча,
демократиялык, укуктук, социалдык жана адилеттүү мамлекет катары өлкөнүн
өнүгүшү үчүн бардыгы кызыкдар экенин билдирет.
Астанада добуш берүү үчүн
517 участок иштеп жатат
Борбордо шайлоочулардын тизмесине миллиондон ашык жаран киргизилген. Добуш берүү үчүн 517 тилке иштеп - алар эртең мененки саат жетиден бери ачык. Аларда жарандардын бардык категориялары, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Таянычтардан, тактилдик навигациядан, угуу жана көрүүсү начар адамдар үчүн техникалык каражаттары бар атайын добуш берүү кабиналарына чейин каралган. Жаан-чачындуу аба ырайына карабастан, борбордун тургундары активдүү добуш беришүүдө. Көпчүлүгү үй-бүлөсү менен келишет. Шаардыктар шайлоого катышууну жарандык милдети деп эсептешет.
Алия Атабекова, Астана
шаарынын тургуну:
– Ар дайым добуш берем, ар дайым келем, албетте, ар дайым жакшылыкка
ишенгим келет. Баары бир биздин Казакстаныбыз бардык жерде таанылат. Баары
жакшы болот деп ишенем, гүлдөп өнүгүшүбүз үчүн, Казакстаныбыз үчүн, элибиз
үчүн.
Айгүл Махамбетова, Астана шаарынын тургуну:
– Бүгүн жамгыр жаап жатканы, бул жамгырдын шайлоо сыяктуу окуяга байланыштуу болушу мүмкүн деген жакшы жышаан. Менимче, Казакстанда баары жакшы болот, эң башкысы тынчтык, ынтымак, достук болсун.
Которгон: Назира Бегалиева

