Аяк оона айынын 25де Мамлекет башчысынын буйругу менен Казакстанда Маңгыстау облусундагы аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Казакстандын Президенти окуу-машыгуу кезинде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерде, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик желектер жарым түшүрүлдү. Майрамдык маданий иш-чаралар жокко чыгарылды. Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүк комиссияга окуянын жагдайларын аныктоо жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Вице-премьер Канат Бозумбаев жетектеген Өкмөттүк комиссия Маңгыстау облусундагы кырсык болгон жерде иштеп жатат. Коргоо министрлиги Каспий деңизинде издөө операциясы аяктаганын жарыялады. Каза болгондордун саны 14кө жетти. Куткарылган үч кызматкердин бири ооруканада. Кырсык аяк оона айынын 24дө Маңгыстау облусунда болгон. Машыгуу учурунда аба ырайынын кескин начарлашынан жана шамалдын күчөшүнөн улам 17 аскер кызматкери Каспий деңизинде калып кеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

