Шайлоо күнү аймактарда тарыхый жалпы улуттук окуянын
маанайында өтүп жатат. Казакстандыктар шайлоо участкаларына жакшы маанайда,
ынтымактуу, чоң-чоң үй-бүлөлөрү менен келишүүдө, кээ бирлери чыгармачылыкты
көрсөтүп жатышат. Мисалы, Алматы облусунда Карповдор үй-бүлөсү бул күндү эсте
каларлык кылууну чечип, «Курултай» деген жазуусу бар аба шарында учуп келип
добуш беришти.
Александр Карпов, Алматы облусунун тургуну:
– Жалпысынан алганда, Конституция биз, Казакстан
Республикасынын ар бир жараны жашоого тийиш болгон пайдубал түптөдү. Өлкөнүн ар
бир жараны сөзсүз добуш бериши керек – бул биздин келечегибиз.
Шайлоого запастагы офицер жана парашютчу Тимофей Меркулов да келди. Ал учактан секирип, шайлоо тилкесинин жанына конду. Анын айтымында, мындай жол менен ал казакстандыктардын көңүлүн Курултайга болгон шайлоого көбүрөөк бургусу келди.
Ал эми Оралда шайлоо өзгөчө технологиялык коштоо менен
өтүп жатат. Шайлоо участкаларынын биринде жарандарды трансформер-робот тосуп
алды. Ал келгендерди куттуктап, добуш берүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык
билдирди. Бул өзгөчө жардамчыны жергиликтүү маалыматтык технологиялар
институтунун студенттери жараткан. Жасалма интеллект чечимдеринин
мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурууну чечишкен.
Бекнур
Кабдыгалиев, Казакстандын Инновациялык жана телекоммуникациялык системалар
университетинин маалымат борборунун мүдүрү:
–
Мунун аты Бабл Бей. Ал формасын өзгөртө алган чогултулма робот. Ал өзгөчө
балдарды кызыктырат. Аны жасоого бизге болжол менен эки-үч ай кетти. Робот
сүйлөйт жана ар кандай функцияларды аткара алат.
Казакстандын
эң улгайган тургуну дагы бир жолу конституциялык добуш берүү укугунан
пайдаланды. Улуутау облусунан 116 жаштагы Түймөгүл Темирбаева өз добушун үйүндө
берди. Участкалык комиссиянын мүчөлөрү ага көчмө шайлоо урнасын алып келишти. Чоң эне
урпактарга ден соолук жана
бакубатчылык, дүйнөгө бейкуттук, ал эми Казакстанга жаркын келечек каалады.
Ал эми Түркестанда шайлоо күнү Борбордук стадиондо дене
чыныгуу менен башталды. Эртең менен эрте болгонуна карабастан, шаар тургундары
добуш берүү алдында сергип, энергия топтоо үчүн чогулушту. Уюштуруучулардын
айтымында, бул демилге сергек жашоо образын жайылтуу жана жарандык
активдүүлүктүн маанилүүлүгүн эскертүү максатын көздөйт.
Которгон: Назира Бегалиева

