Казакстанда Starlink Mobile спутниктик байланышы ишке киргизилди

Казакстанда Starlink Mobile спутниктик байланышы ишке киргизилди

Казакстанда Starlink Mobile технологиясынын негизинде спутниктик мобилдик байланыш ишке киргизилди. Уникалдуу долбоор Астанада AI & Digital Bridge эл аралык форумунда тааныштырылды. Бул мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин 2025-жылы АКШга жасаган расмий сапарынын алкагында жетишилген келишимдин натыйжасы. Жаңы байланыш түрү мобилдик тармак менен камтылбаган алыскы аймактарда спутник менен түздөн-түз байланыш орнотууга мүмкүндүк берет. Кызматты колдонуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыккан.

Джаббор Каюмов, уюлдук байланыш холдингинин башкы мүдүрү:

– Уюлдук телефондон бул байланыш тармагын издеп, ага туташып көрүүгө болот. Эгер байланыш ийгиликтүү орносо, чалып көрүүгө да мүмкүндүк бар. Азыркы учурда бул тармакты колдонуп жүргөн жарандар, блогерлер бар. Илон Масктын атынан убада берүүгө болот, орбитадагы спутниктердин саны көбөйгөн сайын Direct to Cell жана Direct to Mobile технологиясынын негизиндеги интернеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана сапаты да жогорулайт.

Быйыл AI & Digital Bridge борборунда 30 миңге жакын катышуучуну бириктирди. Жалпы форумда санариптик чөйрөдөгү 300дөн ашуун дүйнөлүк лидер сөз сүйлөдү. Кеңири жыйын жасалма интеллект, санариптик активдер, илимий изилдөөлөр, венчурдук каржылоо жана стартаптарды колдоо тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.

Вивиан Ли, Гарвард медицина мектебинин ага окутуучусу:

–  Казакстандагы санариптик чөйрө чындыгында абдан активдүү, бул жерде өз стартаптарын иштеп чыгууга ниеттенген жаштар көп. Буга өлкөдөгү өнүккөн санариптик инфраструктура жана маалымат базалары, ошондой эле мамлекеттин жана коммерциялык эмес уюмдардын колдоосу оң таасирин тийгизүүдө. Бул биздин медицина тармагындагы стартаптарга алдыңкы чечимдерди сунуштап гана тим болбостон, ошондой эле Казакстанга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар биотехнологиялык жана фармацевтикалык компанияларды тартууга жол ачат.

Быйыл форум 7-ирет уюштурулуп жатат. Ушул жылдар ичинде ага 100дөн ашык мамлекеттен 127 миң катышуучу катталып, 600дөн ашык жаңы стартаптар тааныштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков