Казакстан Каспий деңизин изилдөө иштерине 1,1 миллиард тенге бөлдү

Казакстан Каспий деңизин изилдөө иштерине 1,1 миллиард тенге бөлдү

Каспий деңизин комплекстүү изилдөөгө Казакстан бир миллиарддан ашык теңге бөлдү. Мамлекеттик резервден бөлүнгөн каражат деңизди мониторинг жүргүзүүчү жабдууларды, ошондой эле гидробиологиялык жана гидрохимиялык лабораторияларды жабдуу үчүн каралган. Казакстандын Каспий деңизи боюнча илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан программага 21 станцияда эки деңиз экспедициясы жана 22 жээк тилкесинде жер үстүндөгү изилдөөлөр кирет. Бул иштер ушул жылга пландалган. Учурда деңиздин абалы 50 параметр боюнча, ал эми жээк тилкесинин абалы дагы 26 параметр боюнча байкалууда. Ошондой эле, Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Казакстан Каспий боюндагы мамлекеттердин биргелешкен программасын даярдоону улантууда. Анын максаты – Каспийдин экосистемасын изилдөө, адаптациялоо жана сактоо үчүн өлкөлөрдүн күч-аракетин бириктирүү.


Даулет Есмагамбетов, Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин экологиялык маданият жана саясат департаментинин мүдүрү:


– Баш оонанын алтысынан  баштап Маңгыстау облусунда экология, илим жана инновация маселелерине арналган бир катар эл аралык иш-чаралар өтүп жатат. Бир жума бою катышуучулар экологиялык долбоорлорду талкуулап, хакатондорго, илимий сессияларга катышып, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунушташат. Иш-чарага Каспий боюндагы мамлекеттер – Азербайжан, Орусия, Иран, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү – Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү катышууда. Ыктыярчылар, эко-активисттер, окумуштуулар, серепчилер жана жаштар да катышып жатышат.


Акыркы 2,5 жылда дарыялар аркылуу деңизге 35 миллиард куб метрден ашык суу агып кирген, 2024-жылдагы сел да эске алынган. Ушул жылдын башынан бери Орал жана Кигач дарыялары аркылуу 6 миллиард куб метр суу өткөрүлгөн. Окумуштуулардын баамында, суунун агымы акырындык менен көбөйүүдө.


Мансия Есенаманова, Х. Досмухамедов атындагы университеттин профессору:


– Айрыкча Түндүк Каспийди баса белгилей кетсек болот. Бул жерде суунун көлөмү өтө аз, негизинен суу бизге Волга дарыясынан келет деп айтылганы менен, бирок азыр анын азайып баратканы байкалууда. Ал эми Жайык дарыясынан келген суу көлөмү анчалык деле чоң эмес.

Которгон: Назира Бегалиева