Курултайдын депутаттары Казакстан элине ант беришти

Курултайдын депутаттары Казакстан элине ант беришти

Курултайдын алгачкы отуруму депутаттардын ант берүү жөрөлгөсү  менен башталды. 145 депутаттан турган жаңы курам Казакстан элине ак кызмат кылууга, өлкөнүн Конституциясын жана мыйзамдарын так аткарууга салтанаттуу түрдө ант беришти.

Ошондой эле Курултайдын жаңы жетекчилиги түзүлдү. Мамлекет башчысы жаңы мыйзам чыгаруу органынын Төрагасы кызматына Айбек Дадебайды сунуштаган. Жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттар бул талапкерликти колдоду. Андан кийин Курултай спикеринин үч орун басары аныкталды. Бул кызматтарга Нурлан Бекназаров, Дания Еспаева жана Динара Закиева келди. Бул жолу добуш берүү ачык форматта өттү. Сегиз туруктуу комитеттин да жетекчилери бекитилди. Жаңы жетекчилик Курултайдын ишин уюштуруп, депутаттардын биргелешкен ишине жетекчилик кылат.

Айбек Дадебай, Курултай төрагасы:

– Өлкөдө ишке ашып жаткан реформалар менен масштабы бизден олуттуу чечимдерди, кесипкөйлүктү жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Ошол эле учурда ар бир мыйзамдын, ар бир чечимдин артында конкреттүү максат турат. Ал өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүн камсыз кылуу. Мамлекетибизди бекемдөө жана жарандарыбыздын бакубаттуулугун арттыруу. Бул иштин негизинде элибиз кеңири колдогон жаңы Конституциянын баалуулуктары жана принциптери  болууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков