Казакстан менен Бельгиянын университеттери кызматташуу келишимдерине кол коюшту

Казакстан менен Бельгиянын университеттери кызматташуу келишимдерине кол коюшту

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Падыша Филипп жана Ханыша Матильда эки өлкөнүн ректорлор форумуна катышты. Негизги тема билим берүүгө жана илимий изилдөөлөргө жасалма интеллекттин таасири болду. Казакстандын жана Бельгиянын ЖОЖ ректорлору жаңы технологияларды жана машиналык окутууну колдонуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жана академиялык алмашууну өнүктүрүү боюнча талкуулашты. Европа менен Азиянын ортосундагы илимий жана билим берүү байланыштарын бекемдөө үчүн өлкөнүн аймактык хаб катары мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Форумдун жыйынтыгында Казакстандын жана Бельгиянын университеттери бир катар келишимдерге жана кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков