Казакстандын Президенти Түркмөнстанга жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттери башчыларынын VIII Консультативдик жолугушуусуна катышты. Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун катышуучуларына Казакстандын региондогу интеграциянын негизги маселелери боюнча позициясын билдирди. Мамлекет башчысы өз ара соода-экономикалык кызматташтыктын масштабы өсүп жатканын белгиледи. Биргелешкен ишканалардын саны көбөйүп, ишкердик байланыштар чыңдалууда. Негизги тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин оюбузча, ички рыноктун дарамети дагы эле чоң. Өткөн жылы аймактар аралык сооданын көлөмү болжол менен 13 миллиард долларды түздү. Бул биздин мамлекеттердин жалпы соода алмашуусунун 8 пайызга жакынын түзөт. Ошондуктан, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүп, бул көрсөткүчтү кеминде 20 миллиард долларга жеткирүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгып, кабыл алууну өкмөттөрүбүзгө тапшыруу максатка ылайыктуу.
Мамлекет башчысы аймак өлкөлөрүнүн чек араларына жакын жерде түзүлгөн соода-логистикалык комплекстер жана өнөр жай кооперация борборлору чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан транспорт инфраструктурасын ырааттуу өнүктүрүүдө. Бул аймактык мамилелердин чөйрөсүн кеңейтет. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, эгерде пландалган инфраструктуралык тапшырмалар толук аткарылса, 2040-жылга чейин Каспий деңизи аркылуу жүк ташуу төрт эсеге көбөйөт. Президенттин айтымында, суу маселеси Борбор Азиянын туруктуулугуна коркунуч келтирген негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Мамлекет башчы алдыда трансчегаралык суу ресурстарын башкарууда инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу милдети турганын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Суу пайдалануу боюнча Борбор Азиянын алкактык конвенциясын кабыл алуу кызматташтыктын жаңы аймактык архитектурасын түзүүгө биринчи кадам болмок. Документтин долбоору тараптардын кароосуна жөнөтүлдү. БУУнун алкагында Эл аралык суу уюмун түзүү демилгеси абдан актуалдуу. Аны жалпы эл аралык, атап айтканда, Борбор Азиялык позиция катары биргелешип жылдыруу суу ресурстарын башкаруунун глобалдык системасына биздин салымыбыз болот.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Буга байланыштуу президент AI боюнча Борбор Азия өнөктөштүгүн түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мамлекет башчы маданий-гуманитардык багытта бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү кызматташтыкты тереңдете турганын белгиледи. Казакстан ата мекендик Silk Way телеканалынын алдында аймактык телеканал ачып, келерки жылы ыктыярчылар форумун өткөрүү демилгесин көтөрдү. Сөзүнүн аягында Президент Консультативдик жолугушууларды жакшыртуу маселесин көтөрдү. Жыйындын жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

