Казакстандын Президенти жасалма интеллект тармагындагы жаңы долбоорлор менен таанышты

Казакстандын Президенти жасалма интеллект тармагындагы жаңы долбоорлор менен таанышты

Экономика үчүн жасалма интеллект, робототехника жана санариптик чечимдер. AI & Digital Bridge эл аралык форумунда Президент Касым-Жомарт Токаев келечектүү ата мекендик иштеп чыгуулар менен таанышты. Мамлекет башчысына Qazaq AI Research University негизиндеги жаңы муундагы университеттин модели, Trusted Kazakhstan жана ALFA долбоорлору, ошондой эле Aitu улуттук мессенджеринин жаңы функциялары сунушталды. Башка иштеп чыгуулардын арасында «Самрук-Казына» фондунун жана Higgsfield.ai компаниясынын интеллектуалдык чечимдери бар. Президентке Маалымат борборлорунун өрөөнү өнүктүрүү пландары тууралуу да айтылды. Сунушталган долбоорлор билим берүү жана санариптик кызматтардан баштап эсептөө инфраструктурасын өнүктүрүүгө чейинки ар кандай багыттарды камтыйт. Алардын ишке ашырылышы экономикада жана мамлекеттик башкарууда жасалма интеллектти колдонууну кеңейтүүгө, ошондой эле Казакстандын аймактык технологиялык хаб катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков