Казакстандын президенти Шанхайда Кытайдын жогорку технологиялык компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев өлкө менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин белгиледи. Мисалы, өткөн жылы товар жүгүртүү рекорддук 49 миллиард долларга жетти, ал эми Кытайдын Казакстандын экономикасына салган инвестициясы 30 миллиарддан ашты. Жолугушууда Мамлекет башчысы технологиялык кызматташтыктын мындан аркы негизги багыттарын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Экибастуз шаарындагы Data Center Valley долбооруна өзгөчө токтолгум келет. Бул биздин өлкөнүн уникалдуу стратегиялык демилгеси. Биз бул долбоор Казакстандын жана бүт Борбордук Азиянын санариптик инфраструктурасынын негизги тиреги болоруна ишенебиз. Анын негизги максаты – маалыматтарды иштетүү борборлорун, булуттук кызматтарды жана жасалма интеллекттин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн эл аралык деңгээлдеги платформаны түзүү. Инвесторлорго толук жабдылган аянтчалар жана заманбап инфраструктура берилет.
Казакстан Кытай, Борбордук Азия, Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Европанын ортосунда негизги транспорттук-логистикалык борбор болууга умтулат. Бул үчүн өлкө Евразиянын бирдиктүү санариптик транспорттук мейкиндигин түзүүнү көздөйт, анда жүктөр чек араларды ыкчам кесип өтөт. Буга бажы жана логистикалык кызматтар жалпы санариптик тутумга бириктирилген «Smart Cargo» платформасын киргизүү жардам берет. Президент кытайлык инвесторлорду бул демилгени ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызматташтык үчүн дагы бир кесилишүүчү жай - Алатау шаары, ал Digital by Default принциби боюнча түзүлүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Шаар ошондой эле аймактагы алдыңкы санариптик каржы борборлорунун бири болушу керек. Бул максатта биз санариптик активдерди, «токенизация» технологияларын, блокчейнди жана крипто индустрияны өнүктүрүү үчүн заманбап укуктук жөнгө салуу системасын түзүп жатабыз. Албетте, бул иштеги башкы тирек атаандаштык укук жана атайын салык режими болот. «Алатау» долбоорунун катышуучулары «Астана» Эл аралык каржы борборунун экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алышат.
Казакстандын президенти ошондой эле критикалык маанилүү минералдарды өздөштүрүү, AgriTech, жасалма интеллект жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуунун келечегин белгиледи. Ал баса белгилегендей, Казакстан менен Кытай Евразияда жаңы технологиялык доордун жүзүн биргелешип түзө алышат. Жалпысынан, Касым-Жомарт Токаевдин Шанхайга болгон иш сапарынын алкагында 15 миллиард доллардан жана 70тен ашык соода келишимге кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

