Еревандагы COP17 жыйынында Казакстандын Президенти ЮНЕСКОнун башчысы жана Европа комиссиясынын таза, адилеттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү өткөөл мезгил боюнча аткаруучу вице-президенти менен жолугушту. Тараптар гуманитардык, энергетика жана экология чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Халед аль-Анани менен болгон сүйлөшүүдө билим берүү, илим жана маданият тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды. Тереза Рибера менен Казакстандын жана Евробиримдиктин туруктуу өнүгүү, энергетика жана айлана-чөйрө жаатындагы биргелешкен долбоорлорунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

