Борбордук Азия өлкөлөрү бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүүнү көздөөдө

Борбордук Азия өлкөлөрү бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүүнү көздөөдө

Борбор Азия бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү көздөйт. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын ишкерлери жана серепчилери электрондук кол тамгаларды жана документтерди өз ара таануу, чек ара аркылуу төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү жана санариптик идентификацияны өнүктүрүү боюнча келишим долбоорун даярдашты. Жеке маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук жана жасалма интеллектти жөнгө салуу боюнча ыкмаларды айкалыштыруу сунушталат. Ошол эле учурда, жалпы жөнгө салуучу орган түзүү пландалган эмес. Ар бир өлкө өз мыйзамдарын жана санариптик суверенитетин сактап калат. Борбордук Азия финтех ассоциациясынын төрагасы Отабек Насировдун айтымында, келишим долбоору өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө карап чыгуу үчүн берилет.


Отабек Насиров, Борбордук Азия финтех ассоциациясынын төрагасы:


– Биз беш өлкө үчүн кандайдыр бир мамлекеттер аралык бирдиктүү орган түзүүнү же кандайдыр бир бирдиктүү мыйзамдарды түзүүнү сунуштабайбыз. Бул мүмкүн эмес, бул өтө көп убакытты талап кылышы мүмкүн. Андан тышкары, ар бир мамлекеттин өзүнүн улуттук кызыкчылыктары, мамлекеттик коопсуздук маселелери бар. Ошондуктан, бул келишим бардык беш өлкөнүн юрисдикцияларын сыйлоо аркылуу биз башка механизмди сунуштаганыбыз менен айырмаланат. Шайкештик механизми. Башкача айтканда, биз мыйзамдарды өзгөртүү боюнча олуттуу чыгымдарсыз беш мамлекеттин макулдашууга жетишүүсүнө мүмкүндүк берүүчү сунуштарды беребиз.


Серепчилер белгилегендей, Борбордук Азиянын бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүү көбүрөөк технологиялык долбоорлорду жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Анткени чет элдик бизнес үчүн бул 80 миллиондон ашык калкы бар жаңы ири рынокка чыгуу дегенди билдирет. Аналитиктердин баамында, мындай мейкиндикти түзүүдө көрүнүктүү прогресс жакынкы үч-төрт жылдын ичинде күтүлөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков