Казакстанда
тарыхый окуя орун алды – өлкөнүн жаңы бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы,
биринчи чакырылыштагы Курултай ишке киришти. Биринчи сессияны Касым-Жомарт
Токаев ачты. Президент Курултайдын ишинин башталышын өлкө тарыхында жаңы барак
жана саясий системаны жаңылоо процессинин башталышы деп атады. Депутаттардын
алдында конкреттүү милдеттер турат. Биринчи кезекте алар мыйзамдарды жаңы
Конституцияга ылайык келтирип, мыйзам чыгаруу ишинин сапатын камсыз кылууга
тийиш. Мында бир палаталуу Парламенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилген.
Курултай сот жана аткаруу бийлик органдарын түзүүгө, Жогорку аудитордук
палатанын республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун бекитүүгө
катышат. Өкмөткө
ишенбөөчүлүк көрсөтүү добушун билдире алат. Президенттин
айтымында, депутаттардын негизги жоопкерчилиги – шайлоочулардын тапшырмаларын
аткарып, мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылуу.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мыйзамдар адилеттүү, элге түшүнүктүү жана прогрессивдүү, заманбап талаптарга жооп берүүчү болушу керек. Жарандардын тагдырына жана жашоосуна тиешелүү болгондуктан, ар бир ченем, ар бир пункт кылдат каралып, ар тараптуу талкууланышы зарыл. Жыйынтыгында, Курултай өлкөнүн мыйзамдарын мезгилдин талаптарына ылайык модернизациялоону камсыз кылышы керек. Улуттук кызыкчылыктарды, коомдун актуалдуу суроо-талаптарын жана дүйнөлүк заманбап тенденцияларды эске алуу менен бул ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү зарыл.
Биринчи сессиянын артыкчылыктуу багыттарынын аркасында маанилүү мыйзам долбоорлорунун пакети бар. Өкмөт жасалма интеллект жана санариптик активдер чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны даярдоого тийиш, ал эми депутаттар миграциялык саясаттагы өзгөртүүлөрдү мүмкүн болушунча тез карап чыгышы керек. Президент энергетика тармагындагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тездетүүгө жана онлайн платформаларды, массалык маалымат каражаттарын жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Дагы бир багыт – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды комплекстүү колдоо жана өсүп келе жаткан муун үчүн, анын ичинде интернетте коопсуз чөйрөнү түзүү. Мыйзам чыгаруу ишинин сапатын жогорулатуу жасалма интеллекттин жардамы менен да сунушталууда. Президенттин демилгеси менен Курултайдын ишине киргизиле турган E-Parliament маалыматтык системасы иштелип чыгууда. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, санариптик технологиялар кесипкөй юридикалык экспертизаны алмаштыра албайт. Курултайдын өзү жалпы улуттук диалогдун аянтчасы жана мамлекет менен элдин ортосундагы байланыштыруучу звено болушу керек. Маанилүү чечимдер ачык жалпы улуттук диалог аркылуу кабыл алынышы сунушталат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
–
Эл сиздерге чоң үмүт артып
турат. Бул ишенимди актап, коомго чыныгы пайда алып келген
иштер менен алектенүүгө тийишсиздер. Бардык
чечимдериңер өлкөнүн тагдырына жана мамлекеттин келечегине түздөн-түз таасир
этет. Ошондуктан ар бир кадамыңарды кылдаттык менен таразалап, ойлонуштуруу
керек. Биринчи орунда жеке кызыкчылык эмес,
өлкөнүн кызыкчылыгы турууга тийиш.
Президент алдыдагы кадрдык чечимдер тууралуу да айтып өттү. Курултайдын түзүмү түзүлгөндөн кийин Касым-Жомарт Токаев вице-президент жана премьер-министрликке талапкерлерди депутаттардын кароосуна киргизет. Кеңешүүлөрдөн кийин өкмөттүн жаңы курамы бекитилет. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарын дайындоо пландалууда. Мамлекет башчысы негизги бийлик органдары түзүлгөндөн кийин элге жылдык кайрылуусун жасайт. Ал эми аяк оона айынын экинчи жарымында Казакстан Элдик Кеңеши түзүлө баштайт. Жаңы консультативдик орган өлкөнүн этникалык, аймактык, социалдык жана коомдук-саясий ар түрдүүлүгүн бириктирип, мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ болот. Президенттин айтымында, бул чечимдер бийликтин дээрлик бардык негизги институттарын жаңыртууга мүмкүндүк берет, бул өлкөдөгү саясий реформаларга жаңы дем берет.
Которгон: Назира Бегалиева

