К. Токаев тогуз өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

К. Токаев тогуз өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында Казакстандын президентине тогуз өлкөнүн – Молдова, Вьетнам, Корея Республикасы, Түштүк Африка Республикасы, Словакия, Германия, Азербайжан, Словения жана Намибиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Касым-Жомарт Токаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө өлкөбүздүн тынчтыкты сүйгөн тышкы саясий багытына бекем карманып, Казакстан Борбор Азияда да, анын сыртында да тынчтыкты, коопсуздукту жана кызматташтыкты колдоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Сиздерге белгилүү болгондой, Казакстан азыркы өтө татаал геосаясий кырдаалда тынчтыкта тышкы саясатты жүргүзүп жатат. Биз тынчтык жеңиши керек деп ишенебиз жана Борбордук Азияда да, анын сыртында да тынчтыкты, коопсуздукту жана кызматташтыкты колдоо үчүн бардык аракеттерди жасайбыз.


Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий реформалар тууралуу айтып берди, анын логикалык уландысы Курултайга тарыхый шайлоо болот. Мамлекет башчысы ошондой эле республиканын экономикалык жана инвестициялык потенциалына токтолуп, Астананын көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Сиздерге белгилүү болгондой, биздин рынокта дээрлик бардык ири эл аралык компаниялар буга чейин эле бар. Менин ишенимимде, бул негизги саясат улантылат. Биз чет элдик инвестицияларга карата ачык эшик саясатын бекем жана ырааттуу улантууну көздөп жатабыз.


Которгон: Назира Бегалиева