Казакстандын Президенти жана Оман Султаны АЭКБга барышты

Казакстандын Президенти жана Оман Султаны АЭКБга барышты

Президент Касым-Жомарт Токаев жана Омандын Султаны Хайсам бен Тарик Аль Саид «Астана» Эл аралык каржы борборуна барышты. Мамлекет башчыларына АЭКБнын Казакстан менен Омандын ортосундагы инвестициялык-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Каржы борбору ишке киргенден бери өлкөгө 28 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. Бүгүнкү күндө бул жерде 90 өлкөдөн 6600дөн ашык компания катталган. Эки өлкөнүн лидерлерине англиялык жалпы укуктун принциптерине негизделген «Астана» эл аралык каржы борборунун юрисдикциясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле исламдык каржылоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана 24/7 режиминде консультациялык колдоо көрсөткөн AIDA интеллектуалдык жардамчысы тааныштырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков