Өкмөттө Digital Qazaqstan стратегиясы талкууланды

Өкмөттө Digital Qazaqstan стратегиясы талкууланды

Digital Qazaqstan жалпы улуттук стратегиясы Казакстандын экономикасынын негизги тармактарын масштабдуу санариптик трансформациялоону камсыз кылышы керек. Бул ишти тездетүүнү өлкөнүн премьер-министри өкмөткө тапшырды. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн экосистемасын мындан ары да проактивдүү форматта өнүктүрүү зарыл. Олжас Бектенов белгилегендей, бул жарандарды көптөгөн сурамдарды берүүдөн бошотот. Өнөр жай тармагына байланыштуу айрым тапшырмалар бар. Тиешелүү министрлик атамекендик санариптик чечимдерди биринчи кезекте киргизүү үчүн ишканаларды жана өндүрүш процесстерин аныкташы керек. Ал эми өлкөдөгү негизги өндүрүштүк маалыматтар бирдиктүү Data Lake платформасына бириктирилет. Жалпысынан, санариптештирүү өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтып, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүшү керек. Энергетика тармагында негизги объектилерди жана маалыматтык системаларды бирдиктүү санариптик контурга бириктирип, маалыматтарды Energy Command Center борборуна чыгаруу тапшырылды. Бул энергетикалык системаны натыйжалуу башкарууга жана энергетикалык объектилердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

– Жасалма интеллект технологияларын жана өндүрүштүк процесстердин санариптик моделдерин иш жүзүндө киргизүү өзүнүн натыйжалуулугун буга чейин эле көрсөтүп жатат. Ошондуктан алар өндүрүш процесстерин башкаруунун базалык стандартына айланышы керек. Энергетика министрлигине «Самрук-Казына» фонду жана «КазМунайГаз» компаниясы менен биргеликте бул чечимдерди бардык өндүрүштүк активдерге кеңири жайылтууну камсыз кылууну тапшырам. 2028-жылдын аягына чейин 12 негизги кени бар жерде санарипти  толук ишке киргизүү камсыздалышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков