БШК Курултайга шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады

БШК Курултайга шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайга шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Тизмеге киргизилген 12 миллион 623 миңден ашык шайлоочунун 9 миллион 351 миң 539у добуш берүүгө катышты. Шайлоочулардын катышуусу 74,08% түздү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жети саясий партиянын бешөө беш пайыздык босогону ашып өттү. «Адилет» партиясы эң көп колдоого ээ болду - 71,17% добуш. Андан кийин «Айыл» - 6,26%, Respublica - 5,56%, «Ак жол» - 5,21% жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партия - 5,11%.  Казакстандын Элдик партиясы жана «Байтак» тиешелүүлүгүнө жараша 3,11% жана 1,07% добуш алып, керектүү босогону  аша алышкан жок. «Баарына каршы» деген вариантты шайлоочулардын 2,51% тандады. Жаңы бир палаталуу парламентте беш саясий күч орун алды. 145 депутаттык мандат кандай бөлүштүрүлгөндүгүн БШКнын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.

Нурлан Абдиров, Казакстан Республикасынын БШК төрагасы:

– Ошентип, депутаттык мандаттар саясий партияларга төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: «Адилет» партиясы – 110 мандат, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия – 8, «Айыл» партиясы – 10, Казакстандын демократиялык «Акжол» партиясы – 8, Республика партиясы – 9.

Которгон: Назира Бегалиева