Казакстандын шпага боюнча курама командасынын тарыхый жеңиши

Казакстандын шпага боюнча курама командасынын тарыхый жеңиши

Казакстандын эркектерден турган шпага боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпиону болду. Бул ийгилиги менен спортчуларды Президент Касым-Жомарт Токаев куттуктады. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди. Президент алтын медалдар спортчулардын жогорку чеберчилигинин, күчтүү эркинин жана команданын биримдигинин далили экенин белгиледи. Ошондой эле ал спортчуларга жана машыктыруучулар курамына өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, Гонконгдо өткөн дүйнө чемпионатында казакстандык шпагачылар Финляндия, Өзбекстан, Дания жана Египеттин курама командаларын жеңип, финалда Украинанын командасын 45:40 эсебинде утуп алышты. Мындан бир жыл мурун Казакстандын бул дисциплинадагы эң жогорку жетишкендиги коло медаль болчу.

Александр Горбачук, Казакстандын шпага боюнча курама командасынын машыктыруучу-кеңешчиси:

– Мелдешке 20 команда катышып, алардын деңгээли дээрлик бирдей болду. Жеңиш көп учурда бир эле так сокку менен чечилди. Спортчулар чоң сыноодон ийгиликтүү өтүштү. Руслан Курбанов өз убагында оюнга кошулуп, командага чоң жардам берди. Машыгуу жыйындары жакшы уюштурулуп, досторубуздун жана жакындарыбыздын колдоосун дайыма сезип турдук.

Которгон: Назира Бегалиева