Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бишкек шаарына жумуш сапары менен барды. Ал жерде мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин 26-жыйынына жана «ШКУ+» форматындагы жолугушууга катышат. Казакстандын президентин «Манас» аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

