Мамлекет башчысынын Германияга расмий сапары Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен башталды. Касым-Жомарт Токаев Берлинге келди. Казакстандын Президенти Германия Федеративдик Республикасынын президенти жана Федералдык канцлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Талкуулардын борборунда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо турат. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Мюнхенге барып, ал жерде алдыңкы германиялык компаниялардын жана каржы институттарынын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат. Казакстандын Президенти Берлиндеги бизнес-форумга жана Мюнхендеги технологиялык форумга да катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

