Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында Казакстанга мамлекеттик сапары менен келген Омандын Султанын расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Президент Касым-Жомарт Токаев жана Хайсам бен Тарик Аль Саид расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Ардактуу кароол ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берди. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Салтанаттуу иш-чарадан кийин лидерлер тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан Оманды араб дүйнөсүндөгү ишенимдүү өнөктөш катары караарын белгиледи. Кийинки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин 35 жылдыгын белгилешет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул мезгил аралыгында биз достук, өз ара колдоо жана тилектештик боюнча көп жылдык бекем байланыштарга негизделген өнөктөштүктүн жаңы динамикалуу этабына өтүү үчүн бышык пайдубал түптөй алдык. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы күчөгөн синергиянын жаркын далили болуп, жакында Омандын Экономикалык маселелер боюнча Премьер-министринин орун басары Зиязин бен Хайсам Аль Саид баштаган жогорку деңгээлдеги делегациянын Астанага болгон жемиштүү сапары болду.
Казакстандын президенти бир катар биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын оң баалады. Алардын арасында - Дунга мунай кенин өздөштүрүү, ошондой эле Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарындагы Solidcore Resources компаниясынын долбоорлору бар. Тараптар транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Казакстан Азия менен Европанын ортосундагы глобалдык соода жолдорунда стратегиялык абалды ээлейт, ал эми Оман Перс булуңунун, Инди океанынын, Азиянын жана Африканын негизги базарларына түз чыгууну камсыз кылат.
Хайсам Бен Тарик Аль Саид, Оман султаны:
– Бул өз ара толукталган артыкчылыктарды пайдалануу өсүш үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана эки өлкө үчүн тең чоң баалуулукту билдирет. Ошондуктан, биз Оман порттору аркылуу соода коридорун өнүктүрүү, ошондой эле өлкөлөрүбүз ортосундагы аба каттамдарын бекемдөө, анын ичинде транспорт жана логистика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Хайсам бен Тарик Аль Саид Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Андан кийин мамлекет башчыларынын катышуусунда өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюу аземи болуп өттү. Келишимдердин жана меморандумдардын олуттуу топтому энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана башка багыттарды камтыйт.
Казакстандын президенти Омандын Султанын «Алтын Кыран» ордени менен сыйлады. Өз кезегинде Хайсам бен Тарик Аль Саид Касым-Жомарт Токаевге Султанаттын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Аль Саид орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

