Алматы шаарында
Казакстан-Кытай жер титирөөлөрүн изилдөө борбору ишин баштады. Аны ишке
киргизүүгө бир жылдан ашык убакыт даярдык көрүлдү. Борбордо үч заманбап
лаборатория ачуу пландалууда. Эки өлкөнүн адистери сейсмикалык активдүүлүктү
биргелешип изилдеп, жер титирөөлөрдү мониторингдөө, болжолдоо жана эрте
эскертүү системаларын өркүндөтүшөт. Негизги көңүл Казакстандын сейсмикалык
коркунучу жогору аймактарына жана Алматы шаарына бурулат. Шаардан 80 чакырым
радиуста жыл сайын күчү анча жогору эмес 200гө чейин жер титирөө катталат.
Мындан тышкары, Алматы шаарынын аймагы аркылуу 30га жакын тектоникалык жарака
өтөт. Жаңы борбор Улуттук сейсмология илимий борборунун курамына кирет.
Ерик Алип уулу, Жер
титирөөлөрүн изилдөө боюнча эл аралык борбордун жетекчиси:
– Алматы шаары жана Казакстандын
түштүк-чыгыш аймагы сейсмикалык зонага киргендиктен, жер титирөөлөрдү изилдөө
боюнча биргелешкен борбордун ачылышын абдан актуалдуу деп эсептейм. Учурда бул
борборду бардык зарыл болгон оргтехника менен толук камсыз кылдык. Эми бул
жерде кытайлык жана казакстандык адистер тең укуктуу негизде биргелешип иш алып
барышат. Азырынча алгачкы этапта үч лаборатория иштейт деп пландалууда. Ар бир
лабораторияда алтыдан кызматкер эмгектенет.
Которгон: Назира Бегалиева

