Астанада «Келечек оюндары-2026» өтүүдө. Казакстандын борборуна дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн 800дөн ашуун спортчу келди. Эл аралык мультиспорттук турнирге расмий стартты Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев берди. Ачылыш аземине Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Масштабдуу фиджитал-мелдештери заманбап технологиялар менен салттуу спорттун түрлөрүн айкалыштырат. Президент Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, «Келечек оюндарынын» негизги максаты – адамдарды бириктирип, аларды жаңы жетишкендиктерге шыктандыруу.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Спорттун энергиясын, интеллекттин күчүн жана санариптик доордун зор мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган «Келечек оюндары» жалпы өнүгүү багытыбызга толук шайкеш келет. Бул турнир бири-бирине айкалышпагандай көрүнгөн эки дүйнөнү – реалдуу жана виртуалдык мейкиндикти — бириктирет. Анын өзөгүндө ушул эки дүйнөнүн ортосундагы акылга сыярлык жана тең салмактуу айкалыш жатат. «Келечек оюндары» өлкөлөрүбүздүн ортосундагы биримдиктин, достуктун жана тилектештиктин дагы бир «алтын көпүрөсүнө» айланарына ишенем.
Казакстандын Президенти бүгүн дүйнө терең өзгөрүүлөрдүн доорун баштан өткөрүп жатканын дагы бир жолу белгиледи. Жаңы технологиялар жашоонун бардык тармактарын түп-тамырынан өзгөртүүдө. Замандын талабына шайкеш өнүгүү үчүн Казакстан санариптик мамлекетти курууну улантууда. Бул багытта өлкөдө бекем укуктук негиз түзүлүп, Санариптик кодекс жана жасалма интеллект тууралуу атайын мыйзам кабыл алынды. AI-чечимдеринин ыкчам өнүгүшүнө Казакстандын жаңы Конституциясы да өбөлгө болууда. Ошондой эле жаштар үчүн мамлекеттик AI-Sana программасынын алкагында окутуу ишке киргизилди. Ал эми быйыл күзүндө Астанада жасалма интеллект университети ачылып, нейротармактардын жардамы менен тартылган тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Сүйүктүү борборубузда өзгөчө мааниге ээ болгон иш-чара өтүп жатат. Ал спорт менен интеллекттин айкалышын, ошондой эле физикалык күч менен интеллектуалдык мүмкүнчүлүктүн таймашын чагылдырат. Көрүнүп тургандай, бул экөө бири-бирине каршы келбестен, тескерисинче, өз ара толуктап турат. Алдыдагы таймаштардын терең философиялык мааниси дал ушунда. Дүйнөлүк оюндар жалпы адамзаттын тынчтыкка жана ынтымакка негизделген келечегинин символу болуп саналат. Казакстан эл аралык коомчулук менен бирге тынчтыкты, коопсуздукту, адилеттүүлүктү жана өнүгүүнү колдойт.
Белгилей кетсек, сегиз дисциплина боюнча классикалык жана санариптик спортту айкалыштырган мелдештерге дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн 800дөн ашуун спортчу катышууда. Фиджитал форматындагы футбол, баскетбол, күрөш өнөрлөрү, шутер жана бий боюнча мелдештер өтүүдө. Ошондой эле Dota 2 жана Mobile Legends боюнча турнирлер да уюштурулган.
Которгон: Назира
Бегалиева

