Казакстан АКШга түз рейстерди ачуу үчүн FAA баалоосунан өтүүдө

Казакстан АКШга түз рейстерди ачуу үчүн FAA баалоосунан өтүүдө

Казакстан АКШ менен түз аба каттамдарын ачууга дагы бир кадам таштоодо. Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык Авиация башкармалыгынын серепчилери Эл аралык авиациялык коопсуздукту баалоонун алкагында аудит жүргүзүүдө. Бул өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуунун алдындагы чечүүчү кадам. Америкалык адистер мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Казакстандын мамлекеттик коопсуздукту көзөмөлдөө тутумун жана авиация инфраструктурасынын эл аралык ИКАО стандарттарына шайкештигин карап жатышат. Бул процедура 2024-жылдан бери уланып келе жаткан чоң даярдык процессинин бир бөлүгү.


Майкл Дэниел, Казакстандын Авиация администрациясынын башкы аткаруучу мүдүрү:


– Мен Казакстандын негизги артыкчылыгы анын географиялык жайгашуусу деп эсептейм. Бүгүнкү күндө өлкө дүйнөлүк авиациянын жаңы тартуучу күчү болуп, Борбордук Азия үчүн авиациялык хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул бир нече кадамдарды талап кылат. Биринчиден, FAA Казакстандын учуу коопсуздугу системасына баа берет. Анда өлкө 1-категория макамына ээ болушу керек, бул биринчи кезекте учуунун коопсуздугунун ырастоосу. Мындан тышкары, бул макам инвесторлордун жана лизингдик компаниялардын ишенимин арттырат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков