Казакстанда жыл аягына чейин Кесиптерди
трансформациялоо боюнча улуттук борбор ишке кирет. Жалпысынан жыл башынан бери
өлкөдө 160 адистик боюнча 3 миңден ашык билим берүү программасы жаңыртылган. Өкмөттүн
жыйынында жумушчу кесиптерге кадрларды даярдоонун жаңы ыкмалары каралды. Өлкөдө
жаңы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу заманбап адистердин жетишсиздиги
байкалууда. Серепчилердин баамында, 2035-жылга карата өлкө экономикасы 3
миллиондой кызматкерге муктаж болот. Бул суроо-талаптын жарымынан көбү жумушчу
адистиктер түзөт.
Жулдыз Сүлейменова, окуу-агартуу
министри:
–
Бул үчүн 2025-2027-жылдарга техникалык жана кесиптик билим берүү системасын
трансформациялоо боюнча жол картасы ишке ашырылууда. Студенттердин кесиптик
компетенцияларын кеңейтүү үчүн микро көндүмдөр жана майда кошумча программалар
киргизилүүдө. Жумушчулардын квалификациясы боюнча билим берүү программалары
профессионалдык ишмердүүлүктө жасалма интеллект куралдарын колдонуу көндүмдөрүн
камтыйт. Билим берүү программаларынын реестри «career.enbek» Улуттук
квалификация системасынын санарип платформасы менен интеграцияланган. Бул
программалардын мазмунун профессионалдык стандарттар менен байланыштырууга
мүмкүндүк берди.
Ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу
тармактары боюнча кадрларды даярдоо жана аларды көз карандысыз сертификациялоо
үчүн ар бир региондо тармактык кластерлерди түзүү пландаштырылууда. Буга
байланыштуу жооптуу адамдар тармактардагы жумуш орундарынын түрлөрүнүн жана
санынын жылдык болжолуна системалуу талдоо жүргүзүшөт. Маалыматтар үзгүлтүксүз
жаңыланып, Enbek.kz маалымат системасына жайгаштырылып турушу керек. Ошол эле
учурда санариптештирүү жана жасалма интеллектти эске алуу менен кадрларды
даярдоонун иштеп жаткан системасын кайра уюштурууга артыкчылык берилет.
Олжас Бектенов, Казакстан
премьер-министри:
Мамлекет башчы экономиканын ар кыл
тармактарына заманбап технологияларды колдонуу менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн
жогорулата ала турган жаңы муундагы адистер керектигин дайыма баса белгилеп
келет. Жумушчулардын адистештирилишине өзгөчө көңүл буруу керек. Бүгүнкү күндө
ар бир тармактын адиси профессионалдык деңгээлде санариптик башкаруу
системалары менен иштөөгө жана конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн жаңы
технологияларды жана жасалма интеллект куралдарын колдоно билиши зарыл. Кадрларды
даярдоонун иштеп жаткан системасы ушул максаттарга ылайык кайра түзүлүүгө
тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

