«Мыйзам жана тартип» – Президент Касым-Жомарт Токаевдин «Адилеттүү коомго – акыйкат сөз» китебинин негизги темаларынын бири. Саясат таануучу Алибек Жаппасбаев белгилегендей, автор принциптер жөнүндө гана эмес, конкреттүү чечимдер жөнүндө да сөз кылат. Талдоочунун пикири боюнча, бул жыйнак мамлекеттик кызматкерлер үчүн өзгөчө практикалык баалуулукка ээ. 21-бөлүмдө Мамлекет башчысынын актуалдуу маселелер боюнча цитаталары жана билдирүүлөрү топтолгон. Алардын арасында – улуттук биримдик, жүрүм-турум маданияты жана азыркы коомдун руханий багыттары камтылган.
Алибек Жаппасбаев, саясат таануучу:
– Мамлекетте бардыгы мыйзам жана тартип алкагында жүрүшү керек. Ошондо гана мамлекет менен жарандын мамилесинде түшүнбөстүктөр жаралбайт. Ал эми бул, өз кезегинде, мамлекеттик башкаруу институттарына болгон ишенимди бекемдейт. Мамлекеттик кызматта иштегендер үчүн бул эмгек чыныгы үстөл китепке айланышы мүмкүн деп ойлойм. Мамлекет башчысы кабыл алган чечимдерди жана элге кайрылууларын практикалык сабак катары кабыл алып, өз ишинде колдонууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

