Астанада «Келечек оюндары – 2026» эл аралык турнири башталат

Астанада «Келечек оюндары – 2026» эл аралык турнири башталат

Астана дүйнөнүн эң күчтүү спортчуларын, киберспортчуларын жана Dota 2 жылдыздарын кабыл алууда. Алар Казакстандын борборуна эл аралык мультиспорттук «Келечек оюндарына» катышуу үчүн келишти. Турнир эртең башталып, баш оона айынын 9уна чейин уланат. Эки жума аралыгында дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн келген 800дөн ашык катышуучу өзгөчө форматтагы мелдештерде күч сынашат. Быйылкы турнирдин негизги өзгөчөлүгү — клубдук формат. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы киберспортчулары эл аралык командаларга биригип, адегенде виртуалдык мейкиндикте, андан кийин реалдуу спорттук аянтчаларда — паркетте, татамиде жана футбол талаасында күч сынашат. Мелдештер Астананын төрт негизги спорттук аренасында өтөт. Мындан тышкары, байге фонду 4,5 миллион доллардан ашкан «Келечек оюндарынын» алкагында Phygital Summit да уюштурулат. Ага чет өлкөлөрдөн 250гө жакын конок, анын ичинде бир катар мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрү катышат. Иш-чаралардын масштабдуулугу жана Астананын аларды өткөрүүгө даярдыгы тууралуу Phygital International компаниясынын аткаруучу мүдүрү Астанада өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Дэн Меркли, Phygital International компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү:

– Мен 2024-жылдын бештин айында иш-чара өткөрүлө турган потенциалдуу аянтчалар катары каралып жаткан объектилерди көрүп чыккам. Алардын эл аралык масштабдагы, бүткүл дүйнө боюнча көрсөтүлүп, миллиондогон көрүүчүлөргө тартуулана турган мындай иш-чараны өткөрүүгө даярдыгына абдан таасирленгем. Азыр Астана жана уюштуруучулар «Келечек оюндарын» өткөрүүгө толук даяр деп айта алабыз. Биз даярдыктын жогорку деңгээлине абдан ыраазыбыз жана уюштуруучулар командасына толук ишенебиз.

Которгон: Назира Бегалиева