Лондондо Алатау шаарынын презентациясынын жыйынтыгында 1 миллиард 300 миллион долларлык тогуз келишимге кол коюлду. Улуу Британиянын борборунда Казакстан менен Борбор Азиядагы жаңы технологиялык хабды өнүктүрүүгө эл аралык инвестиция тартуу боюнча Европалык роуд-шоунун ачылышына арналган инвестициялык тегерек үстол өттү. Долбоорлор шаардык инфраструктураны, Эксетер университети, Brighton College жана Repton Groupтун катышуусундагы билим берүү борборлорун ачууну камтыйт. Мындан тышкары, AstraZeneca жана Crescent Meditours менен кызматташуу медицина тармагын өнүктүрүүнү болжолдойт.
Канат Бозумбаев, Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары:
– Кол коюлган документтер ар кандай багыттарды камтыйт. Алардын катарында дары-дармек өндүрүшүнөн баштап, жаңы технологиялык шаардын инфраструктурасын курууну каржылоого чейинки маанилүү долбоорлор бар. Жалпы шаарды өнүктүрүү боюнча жаңы ойлор көп. Улуу Британиянын бул багытта бай тажрыйбасы бар. Ошондой эле жолугушууда билим берүү жана илимий кластер түзүү маселелерин да талкууладык. Мындан тышкары, Алатау Сити аймагында бир нече британ университетин жана мектебин ачууну пландап жатабыз
Презентацияга 70 ашуун чет элдик компаниялар, банктар жана каржы уюмдары катышты. Аларга «Алатау Сити» концепциясы жана анын инфраструктуралык долбоорлору гана эмес, ишкердик жүргүзүү шарттары да сунушталды. Аны технология, каржы жана логистика боюнча ири борборго айлантуу пландалууда. Инвесторлордун укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда. Шаарда англис укугунун принциптерин колдонуу менен атайын укуктук режим каралган. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө «Алатау Ситинин» портфелинде 67 долбоор бар, алардын жалпы суммасы 7 миллиард долларга жакын.
Роберт Мэр, инженер жана окумуштуу: /Улуу Британия/
– Аткарылган иштин масштабы чындап эле таасирдүү. Казакстандын Өкмөтүнүн бул демилгени ишке ашырууга, анын ичинде Премьер-министрдин орун басарынын деңгээлинде жигердүү катышуусу эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Долбоор абдан келечектүү, жана аны ишке ашыруу үчүн көп нерсе жасалып жатат. Тактап айтканда, укуктук жана салыктык база түзүлүп, валюталык жөнгө салуу жана бажы жол-жоболору боюнча маселелер иштелип чыгууда. Мунун баары чет элдик инвесторлор үчүн ишенимдүү жана ачык-айкын шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Гарри Доббс, Alatau City кеңешинин мүчөсү:
– Алатау шаары бизнестин тартылуу борборуна жана Казакстан менен Борбор Азияга өзгөчө дарбаза болуп калышы мүмкүн. Инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө багытталган атайын экономикалык зона бул жерде өзгөчө роль ойнойт. Концепциянын негизинде ачык-айкындык жана бизнес катышуучулары үчүн тең мүмкүнчүлүктөр жатат.
Мындан тышкары, Лондон фондулук биржасынын, J.P. Morgan, Société Générale жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Тараптар Alatau Cityдин энергетика жана транспорт тармагындагы негизги долбоорлорун каржылоо маселесин талкуулашты. Белгилей кетсек, Лондондогу жолугушуу жаңы казакстандык санариптик шаарды жайылтуу боюнча европалык роуд-шоуну баштады. Alatau Cityнин кийинки презентациялары Германияда өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

