Астанада казак тилиндеги эң жаңы жасалма интеллект технологиялары сунушталды. Аларды иштеп чыгууда Назарбаев университетинин алдындагы Акылдуу системалар жана жасалма интеллект институтунун адистери ата мекендик колдонуучулардын муктаждыктарын эске алышкан. Алсак, жаңы AI-жардамчы текстти которуп, 11 тилде автоматтык түрдө транскрипция жасай алат. Дагы бир технология көзү азиз жана көрүүсү начар адамдарга мейкиндикте багыт алууга жардам берет. Ал эми дагы бир иштеп чыгуу интернетке туташпай эле жергиликтүү түзмөктөрдө иштей алган тилдик модель болуп саналат. Негизги иштеп чыгуулардын бири — ISSAI Voice Studio платформасы. Бул сервис видеону автоматтык түрдө башка тилге которуп, баяндамачынын үнүн, эмоциясын жана сүйлөө стилин сактоо менен дубляждай алат. Жалпысынан институттун портфелинде жасалма интеллектке негизделген жети иштелме бар.
Амина Байкенова, ISSAI продукт жана тышкы байланыштар боюнча мүдүрүнүн орун басары:
– Биз өнүмдөрдү биринчи кезекте казакстандыктар үчүн
жасайбыз. Бул иштерди казакстандыктардын жана казак тилинин
кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Максатыбыз – казак тилинин санарип дүйнөсүндөгү
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, анын колдонулушун мүмкүн болушунча арттыруу. Бизге
Сауд Аравиясынан, Эмираттардан келишкен, Борбордук Азиядан дайыма кайрылышат. Башкача
айтканда, бизде тил моделдерин үйрөтүү үчүн datasetти түзүү боюнча билим бар,
ошентип өзүбүздүн чоң тил моделдерибизди түзө алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

