Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Падыша Филипп жана Ханыша Матильда менен бирге Улуттук музейге барышты. Жогорку коноктор Улуу талаанын тарыхый-маданий мурастарын чагылдырган архитектура жана экспозициялар менен таанышышты. Алтын залга өзгөчө көңүл бурулду, анда уникалдуу археологиялык табылгалар жана байыркы зергерчилик искусствосунун үлгүлөрү көрсөтүлдү. Буга Иссык көрүстөнүнөн табылган «Алтын адам», ошондой эле Берел, Талды-2, Таксай жана Шиликти көрүстөндөрүнөн табылган буюмдар жана реконструкциялар кирет. Этнография залында конокторго казак элинин салт-санаалары, турмуш-тиричилиги, материалдык жана руханий маданияты көрсөтүлдү. Ошондой эле алар бельгиялык сүрөтчү Джеймс Энсордун сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты. Экскурсиянын соңунда бельгиялык Падыша жана Ханыша Ардактуу коноктор китебине кол тамга калтырышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

