Казакстандын Президенти Башкы прокурорду кабыл алды

Казакстандын Президенти Башкы прокурорду кабыл алды

Казакстандын Президенти Башкы прокурор Берик Асыловдун мекеменин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамасын укту. Ошентип, тогуз айдын ичинде өлкөдө кылмыштуулук 14,5%дан ашык азайган. Мамлекетке 1 триллион 300 миллиард теңгеден ашык актив кайтарылды. Бул каражаттар дээрлик беш жүз социалдык объектилерди курууга жана реконструкциялоого жумшалды. Берик Асылов ошондой эле Президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында инвесторлорду коргоо боюнча системалуу модель түзүлгөндүгүн билдирди. Жыл башынан бери бизнес өкүлдөрүнүн 3 миңге жакыны жардам алышкан. Дагы 3,5 миң инвестициялык долбоор прокурорлордун коштоосунда турат. Улуттук санариптик инвестициялык платформаны «Санариптик көзөмөл» системасы менен интеграциялоо маселелерди өз убагында аныктоого жардам берет. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент мыйзамдуулукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков