Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү башталды. Республиканын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл айдалган аянт 24 миллион гектардан ашты. Анын ичинен 15,5 миллион гектары дан жана буурчак өсүмдүктөрүнө туура келет. Акыркылары 12,5% аянты жыйналып бүттү, ал эми былтыркы көрсөткүч эки эсеге аз болгон. Өлкөдө түшүм жыйноону эрте баштоону Айыл чарба министрлиги аномалдуу ысык жайга жана өсүмдүктөрдүн тез бышуусуна байланыштырат. Дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү да былтыркыдан жогору. Быйыл гектарынан орто эсеп менен эки центнерге көп түшүм алынууда. Техника да массалык түшүм жыйноо өнөктүгүнө даяр. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 400 миң тоннадан ашык арзандатылган дизелдик май берилди. Май жана мунай заттарын жеткирүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө пин-коддор, санариптик жана ал тургай түстүү белгилөө киргизилди. Ошондой эле эсеп-фактуралардын электрондук системасында өзүнчө виртуалдык кампа түзүлдү. Ал эми Шымкент мунайды кайра иштетүүчү заводунда молекулярдык белгилөөнү киргизүү иштелип чыгууда.
Которгон: Назира Бегалиева

